“Суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин бардык кызматкерлерин жумуштан кетирүү керек” – деп билдирди депутат Улугбек Ормонов бүгүн, 19-февралда Жогоку Кеңештин кезектеги жыйынында.
Депутат: “2019-жылы канча унаа кайра жүктөлдү” деп сурады.
Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Арсланбек Касымалы уулу: “Статистикага ылайык 6 200 бузуулар болгон. Анын ичинен жүктөрү ашыкчы болгон 1995 унаага протокол түзүлүп, башка унааларга кайрадан жүктөлгөн” – деп жооп берди.
Депутат Арсланбек Касымалы уулунан ким болуп иштерин сурап, жакында эле кармалган автотранспорт агенттигинин орун басары экенин билгенден кийин агенттиктеги жумушчулардын бардыгын иштен алып, кайрадан жаңы кызматкерлерди алууну айтты.
“Пара берип кармалган жетекчинин орун басары келип отурат. Бардык кызматкерлерин жумуштан алып, жаңы кызматкерлерди алып келиш керек. Аталган агенттиктин директору кармалган баланы алып чыгам деп пара бергенге шектелип жатат. Булар бардыгы бирге да. Ошол үчүн бардыгы кызматтан кетиши керек” – деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Транспорт жана жолдор министринин орун басары «Н.Ж.» жана ошондой эле автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» 10 000 доллар өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда кармалышкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ