Москванын четинде жүргүнчү ташыган поезд Кыргызстандын жаранын сүзүп кетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, кырсык күн мурун саат 18:00 чамасында болгон. Анда Адлер – Москва багытында жүргөн поезд 24 жаштагы жигитти сүзүп кеткен. Кыргызстандык жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Такталгандай, окуя болгон жерде кайгуул милициясы иш алып барып, кырсыктын себептери такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ