Эркин күрөш боюнча Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында Улукбек Жолдошбеков алтын медалдын ээси болду.
Улукбек Жолдошбеков кечээ, 23-февралда 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Ал казакстандык, ирандык, индиялык балбандарды утуп финалга жолдомо алган. Финалдык беттеште тажикстандык Мухамад Икромов менен беттешип, аны жеңип, алтын медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 18-23-февраль аралыгында болду. Турнирдин ачылышы 18-февралда, «KD Jadhav Hall of Indira Gandhi» стадионунда өткөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ