23-февралда Түркия менен Ирандын чектешкен аймагында 5,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөдөн улам 9 адам каза болду. Анын ичинен 4 – балдар. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Алардын айтымында, 50 адам ар кандай жаракат алган. Анын ичинен 9 адамдын абалы өтө оор.
Түркиянын Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, кырсык болгон жерге 25 тез жардам жана 1 вертолет, ошондой эле дарыгерлер жиберилген.
Маалыматтар боюнча, биринчи жер титирөө 23-февралда саат 5:53тө болгон. Анын очогу Ирандын батыш жагындагы Батыш Азербайжан провинциясына караштуу Кхой районунда болгон. Көп өтпөй эле, ошол эле күнү экинчи жер титирөө болгон. Иран бийлиги жаратылыш кырсыгынан 75 адам жабыркаганын айтышкан.
Маалыматтар боюнча Ван провинциясында этникалык 500 кыргыз жашайт.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ