Жалган террорист кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 24-февралда “Инстаграм” социалдык тармагынын «_roma7unuzow» аттуу колдонуучусу “Шаардык универсалдык дүкөндө саат 17:30да террористтик актысы болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн. АКШ доллары төлөндү” деп News.kg маалымат порталынын жаңылыгынын алдына комменатрий калтырган.
Бул факт боюнча материалдар КР кылмыш-жаза кодексинин 239- беренесинин 1-б. (Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында колдонуучу КР жараны, Чүй областынын тургуну, 2002 ж.т. Юнузов Р. экендиги аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Юнузов Р. кармалып, КР УКМК
Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген.
Сурактын жүрүшүндө ал жасаган ишине өкүнүп, бейбаштыктан улам жазгандыгын билдирди.
Террористтик акт тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ