Бүгүн, 25-февралда Жогорку сотто өмүр бою кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу соттук отурум башталган.
Жазык-процесстик кодексинин 434-беренесинин талаптарына ылайык процесстин башка катышуучулары берилген кошумча кассациялык даттануу тууралуу кабардар болушкан эмес. Ал эми кошумча кассациялык даттануу Жогорку сотко 17-февралда гана берилген. Жыйынтыгында, соттук коллегия ишти 6-апрель саат 14.00го жылдырды.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 2-декабрында Жогорку сот бир катар эпизоддорду кайра карап, кээ бир беренелер боюнча өкүмдү жумшарткан. Бирок “Киши өлтүрүүгө катышуу” беренеси күчүндө калып, өмүр бою кесүү мөөнөтү өзгөртүлбөгөн.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы өлкөбүздүн түштүгүндө болгон июнь окуяларында улут аралык касташуу жаратып, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деп айыпталган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ