Menu

Видео – Митингге чыккан эл Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматынан кетишин талап кылышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-февралда кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдында тынчтык митинги болуп өттү. Чогулган эл Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматынан кетишин талап кылышты. Ал жерге 300 гө жакын адам чогулган.

Алар Мирбек Асанакуновду Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешмесинде кызматынан бошотулганын айтышып, ал мыйзамсыз отурганын билдиришти.

Митингге чыккандардын арасынан үч аял ачкачылык жарыялашты. Алар Мирбек Асанакуновдун кабылдамасында отурушат, бирок аларды ш бөлмөгө киргизишкен эмес.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов жасалма документтер менен мыйзамсыз кызмат ордун ээлеп олтурат деп өкүм чыгарышкан. Ал чечимдерди Жогорку сот бир күндө токтоткон.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: