“Жергиликтүү кеңештердеги шайлоо алдында бир үйгө 1000ден ашык адамды каттап жатышат. Бул мыйзамдуубу?” – деп сурады депутат Карамат Орозова бүгүн, 26-февралда Конституциялык палатанын судьясына талапкерлер болгон судьялардан
“Бул албетте мыйзамсыз. Бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, бир топ кылмыш иши козголду. Мындай фактылар Ош, Токмок, Каракол шаарларында аныктылып жатат. Бул мыйзамсыз болгон үчүн укук коргоо органдары кылмыш ишин козгосо керек. Физикалык жактан бир үйгө батыруу мүмкүн эмес” – деди талапкер Латип Жумабаев.
“Бир күндүк шайлоонун айынан шайлоочуларыбыз ар кандай мамлекеттик, социалдык коргоодон дагы калып калат. Муну уюштургандарды таап, катуу жазалаш керек. Өзүнүн кызыкчылы үчүн адамдардын укугун басмырлаган туура эмес” – деп кошумчалады депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ