Menu

Аскар Акаев: “Башкалар сатып кетишкенде, Бекболот досум, сен мага берилгендиктин сейрек үлгүсүн көрсөттүң”

Бөлүшүү:

Белгилүү мамлекеттик ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков агабыз 65 жашта. Анын басып өткөн жолу, ашкан дабандары, элге сиңген эмгеги тууралуу айтып, элге таанымал инсандарыбыз куттуктоолорун жолдошту.

Урматтуу Бекболот!

Менин кадырман досум!

Эң оболу сени 65 жаш кутман курагың менен чын дилимен куттуктайм! Сага чың ден соолук, кажыбас кайрат, ынтымак-ырашкерлүү үй-бүлөңө жакшылык каалайм.

Сен экөөбүз алгачкы жолу илимдер академиясынын имаратынан таанышканыбыздан бери 30 жылдан көбүрөөк убакыт өтүптүр. Сен ал кезде Кыргызстандын эл чарбасынын кыраркасы болгон айыл чарба тармагындагы таланттуу, көптөн үмүттөндүргөн жаш окумуштуу болчусуң. Академияда иштегендердин көбү сенин Кыргызстандын агрардык секторун илимий-инновациялык кайра куруу боюнча алдыңкы идеяларыңа суктанышчу. Көзүм жетип эле турат, эгер СССР ыдырап кетпегенде, сен өз тармагыңдагы ири окумуштуу болмоксун. Бирок, бактың тоодой экен, сенин шыбагаңа эгемен Кыргызстанда тарыхый жер реформасын жүргүзүүдө өз идеяларыңды жана демилгелериңди практика жүзүндө ишке ашыруу милдети туш келди.

Реформа, албетте, биздин айыл тургундарына көп артыкчылыктарды берди. Анткени, алар кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу рынок шарттарына эртерээк ыңгайлашып, жерге болгон ээликтин даамын биринчилерден болуп татышты. 90-жылдардагы оомал-төкмөл мезгилде сен айыл чарба министри, губернатор кызматында да, өкмөттүн вице-премьер-министри кызматында да өзүндү солк этпеген, туруктуу реформатор катары көргөздүң, республикабыздын айыл эмгекчилеринин көпчүлүгүнүн урмат-сыйына арзыдың.

Акыркы 15 жылда конструктивдүү оппозициянын лидери катары өзүңдүн нукура саясый ишмерлерге: өлкөнүн патриотуна, эл кызыкчылыгын көздөгөн адамга гана мүнөздүү эң мыкты сапаттарыңды көрсөттүң. Эң башкысы, Кыргызстандын эли сенин мамлекетчил, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көкүрөгүн тосо коргогон инсан экениңе ынанышты. Сенин эркиңди бийликтин, өзгөчө Атамбаевдин саясый куугунтуктоолору да, эч бир жазыксыз түрмөгө отургузуп койгону да сындыра алган жок. Сенден соттуулукту алып, эч кандай шарт койбой туруп толук акташканда гана «адилеттик салтанат курду» деп айта алам. Мен үчүн эң кымбат нерсе – 2005-жылдан кийин шакирттеримдин, тарапташтарымдын көбү мени жана биздин адилет, туура ишибизди сатып кетишкенде, сен берилгендиктин сейрек үлгүсүн көргөздүң. Ошондуктан, мен эгемен Кыргызстан жаңыдан телчиге баштаган кыйын жылдарда менин жанымда сендей, урматтуу Бекболот, өз элинин патриоту, реформатор, даанышман мамлекетчил адам үзөңгүлөш жүргөнүнө сыймыктанам.

Кымбаттуу Бекболот!

Кадырман досум!

Сен бүгүн саясый даанышмандыктын туу чокусу болгон куракта туулган күнүңдү белгилеп жатасың, Кыргызстанды мындан ары позитивдүү өнүктүрүүгө өзүңдүн салмактуу салымыңды кошконго мүмкүнчүлүгүң бар, республиканын мамлекеттик түзүлүшүн жакшыртуу боюнча жакында эле жарыялаган программаң буга далил. Эгер өлкөнүн жетекчилиги бул программаны пайдаланып, ишке ашырчу болсо, Кыргызсгандын иши илгерилеп, өркөнү өсүп, эл кыйла жакшы жашай баштайт. Кудай сага күч кубат, чың ден соолук берсин! Сен бүгүн өз элиңе, Ата журтуңа өзгөчө керексиң. Дагы бир жолу торколуу тоюң менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Аскар Акаев, Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: