Menu

“Тегиңди биле жүр, ал сени маңкуртчулуктан сактайт” же тегин билбеген сабатсыз тажик генералына кулак кагыш

Бөлүшүү:

Байыркы Шумерлер баяны же алардан белүнүп чыккан улуттар, уруулар жөнүндө

(тарыхый эссе)

Жер жүзүндө жашаган түрдүү элдер, улуттар, уруулар натары өзү эле же кокустан пайда боло калган жери жок. Алар ары татаал тайгак кечүүлөрдү бар жа жокко кайыл боло сокмо жолдордо жашоо кечире сыналышып отуруп жеткен чектери бул күндөр. Ошондой элдердин бири байыркы шумерлерден бөлүнүп чыккан улуттар, уруулар жөнүндө .

Адам баласынын доорлор жашоосундагы көөнөрбөс табиятынын кашкөй тагдыры улуу тарыхчылар тарабынан али толук изилденип, иликтенип бир бүтүмгө келе элек десем аша кеткендик болбос. Менин сарасеп салган көз карашымда тарых тактыгы али дайыны жок, табылга деп жазган, сызгандары деле бирин бири толуктай албаган бүдөмүк, ар ким өзүнүкүн туура кылган чаржайыт тарых десем болчудай. Мен дайыма жазган макалаларымда тарыхчы эместигимди, тарых күйөрманы экенимди айтып келем.

Мендеги жан дүйнөмө тынчтык бербеген көйгөй карапайым окурман журтчулугуна бул күндөрдө өмүр кечирип жатышкан түрк элдеринин качан, кайдан, кантип пайда болгондуктарынын дайынын билишпей, ар ким өз улутунун, уруусунун даражасын бийик көтөрө бөлүнүп, жарылуучулукка барып жаткандыгы өкүндүрөт. Айтаарым карапайым элге (окурманга) тарыхчыларыбыздын илимий даражадагы чаржайыт, бир бүтүмгө келалбаган окуулары түшүнуксүз боло билгенибиз эле “кыргыз” деген этнонимден көтөрүлө албай жатпайбызбы. А кыргыздын (кырк гуз) тээ байыркы түпкүлүгү кайдан, аны менен эч бир тарыхчынын жумушу деле болбой калды. Билгендери эле дүйнөлүк тарыхчылардын жазган, сызгандарына таянуу, пир тутуу. Аны дагы карапайым окурмандарга жалпак тил менен түшүндүрүп бералышпайт. Хунну дагы, скифи, сагы, усуну, түргөшү дагы өзүнчө эл, бири-бирине кошулушпайт, билгендери ошо. А алардын түпкү теги кайдан дайыны жок бүдөмүк. Мына ушундай жагдайды эске алып менин да белсене айтайын дегеним ушу азыр да түрк элдери жөнүндө окурман журтчулугуна илимий жол менен эмес, жөнөкөй түшүнүк бералган тарых окуусунун аба менен суудай керектигинен кошкум келди, бул кашкөй чындык.

Мейли, менин тарых илимин изилдеген окумуштуу тарыхчыларга кинем деле жок. Анткиле, мындай жазгыла дегенге акым деле жок. Кандай жазып, сызышса алардын өз эрки. Кана эми ошо илимий табылгалуу тарых баянына карапайым окурмандардын тиши өтсө, окуп түшүнө алышса. Чынында эле карапайым окурмандарга түрк элдеринин түпкүлүгү кайдан десең кыргызы кыргыз, өзбеги өзбек, казагы казак бойдон жаралганбыз дешет. А түпкүлүктүү түрк дүйнөсүнө андан ары тереңдеп барсаң бирине да түшүнүк арта алышпай, “бизге жөнөкөй жалпак тил менен айтып бербейсиңерби, силердин илимиңерге кайдан түшүнөбүз”- деп калышат.

Мына ушундай жагдайды эске алып түрк дүйнөсүнүн түпкүлүгү кайдан, түлөп түсүн, тилин өзгөртүп отуруп канча доорлор катмарында өз нуркуну жоготпой, ар түрдүү аталыштарды баштан кечирип бул күндөргө жеткендигин жөнөкөй сөздөр менен баян этүүнү туура көрдүм.

Болгондо да жети атасын санап, айтып бералгандай деңгээлде.

Азыркы күндөрдөгү түрк элдеринин кимдиги, кантип жашоо кечиришип жаткандыгы баарыбызга беш колдой маалым. Мындайча айтканда сүр-сүр замандардын тар жол, тайгак кечүүлөрүндө өздүгүн жоготпой тукум улап келаткан түпкүлүктүү, орун очоктуу жашап жатышкан ушу азыркы түрк дүйнөсү. Аты өзү эле айтып тургандай, түрк (түптүү) деген сөздүн этимологиясына баш баксак, “түптүү эл” дегенди туюндурары тилчи окумуштууларга деле дайын болбосо керек. Мына эми ошо түптүү түрк дүйнөсүнүн башаты кандай, четинен сарасеп салып көрөлү…

Азыркы жер ортолук деңизинин же Балкан жарым аралынын төгөрөгүндө, Кара-Деңиз бойлорунда биздин заманга чейин Шумер деген элдер гунндар жана маялар бөлүнүп, жүрө-жүрө муундар алмашуусунан өз тайпаларына ээ боло уруу-урууга бөлүнө башташкан. Ал эми Маялар (азыркы улут, уруулары) тери иштетүү маданиятынын эң жогорку чеберчилигине жетишүүсү алардын жер которо көчүп конуп алыскы Америка, Австралия материктерине Аляска (Ала-Аска) аркалуу чанач кайыктар менен жетүүсүнө шарт түзгөн. Мына бул жерде тарых окурманына түшүнүктүү болсун үчүн дагы бир нерсени эске салып кетейин. Америка материгиндеги кызыл терилүү индейлер, Австралиядагы жергиликтүү аборигендердин түп ата бабалары Маялар экенин билдиңиз. Ал эми түштүк Америкадагы, Мексика аймагындагы Маялар курган дин пирамидаларга, алардын жазма сызмаларына ошол Америкага Европанын ар кайсы жактарынан барып туруп калган, өзүн америкалыкмын деген археолог тарыхчы Маялардын таң каларлык пирамидасын изилдеп жатып бул элдер өзү кайдан келишкен, түпкү теги кайдан деп таң калып жатпайбы. Мына ишенген археолог илимпоз тарыхчынын күлкү келерлик айткан кеби. Окуп, жазган илимий эмгегинде “паланчы окумуштуу минтип айткан” деген илимпоз тарыхчыларың деле катарыңыздагы эле илимпозмун деген болуп жатпайбы.

Гунндар менен Маялардын көчүп конуп отуруусу чыгышка карай кетип, ар жагы Алтайга чейин созулуп жаткан улуу талааларды Шумерлердин гунндары мекендешсе, андан ары териден жасалган төрт таяктуу алачыктарда жашашкан Маялар андан ары жүрө отуруп Ала-Аска (Аляска) аркалуу Америка материгине, Австралияга дейре чанач кайыктар менен жетишкен. Сиз ойлорсуз, балким бул кызыл терилүү индейлер, аборигендер кантип эле түрк элдерине тектеш, түптөш болуп калсын деп. Албетте мындай божомолдой туюлган версияга анча-мынча адам ынана койбойт. Буга мен билгенимче мисал келтирип көрөйүн, балким, “чын эле ошондой экен” деп ынанарсыз же “койчу андай жомогуңду” дерсиз. Анда астейдил көңүл буруп туруң. Байыркы Шумерлердин Жер Ортолук деңизинин жээктериндеги аска таштарга калтырган жазмалары ар жагы Америка материгиндеги Маялардын (индей) көп кабаттуу, көп тепкичтүү пирамида мунарасындагы жазмаларга айныгыс окшоштугу түрк дүйнөсүнүн башаты кайдан экендиги менен далил. Же болбосом антропологиялык изилдөөлөрдө (чач, тиш, кан) индейлердин азиялык түрктөрдөн экендиги такталып, аныкталып жатпайбы. Же болбосом азыркы күндөгү сүйлөнүп жаткан индейлер менен түрктөрдүн тил өзгөчөлүктөрүн эле алып көрөлү эле. Азербейжан окумуштуусу Ахундов Америка материгиндеги индейлерге жүргүзгөн тил өзгөчөлүктөрүндө эле 400гө жакын түрк тилинен сүйлөгөндүгү менен далил. Мына эң эле жөнөкөй “балта” деген сөздү алар деле “балта” дешет экен. Же болбосом мен өз көзүм менен көрүп кулагым менен уккан индей адамдарынын дарак кыйып жаткандагысын теле берүүдөн көрүп таң калбадымбы. Баягы кыйылган дарак кулаганда индей аксакалы “азамат” деп кыйкырып калбадыбы. Ошондо бир ынангам Шумер бабанын Маясынын урпактарынан экен деп.

Эми мен Мая бабанын урпактарын азырынча өздөрүнө таштай турайын дагы Гунн бабанын тарых таржымалына сиз түшүнөрлүк деңгээлде айтып берүүгө аракет кылып көрөйүн. Мына ушу Гунн бабадан төрт уул же төрт тайпа бөлүнүп чыгып акырындап өз алдынчалыка ээ боло көчүп коно жоокерчилик менен жашоо кечирип келген. Алардын кимдиктери төмөнкүлөр. Тарых арсеналына төмөнкүдөй аттар менен кирген. Гуздар, Хазарлар, Харлуктар, Усундар. Мына ушу төрт тайпалуу бир туугандар түптүү түрк дүйнөсүнүн башаты, жаралуусу болуп саналат. Али илимпоз тарыхчыларыбыз жоокерчилик менен күн көрө ар бир элде ар кандай аталыштарды алган аттарды өзүнчө эл катары атап жүрүшпөйбү. Мисалы гректер (юнан) скифтер деп аташса, ал эми Македонскийдин аскерлери менен Орто Азияга кошо кирген перс (иран) аскерлери жергиликтүү гунндун гуздарын сак (ит) деп атоосу, ал эми жундар (кытай) гунндарды хунну (каардуу кулдар) деп аташса, Монголдор кайи (жылан) деп аташты. Душманды ким эле болсо жакшы ат менен атамак беле. Али немис аскерлерин “фашист” деп кордогондой эле кеп болуп жатпайбы. Азыркы күндө Гунндардын, Маялардын баштапкы аталыштагы урпактарынын аттарын атабай деле калды. Ал тээ тарых арсеналында Гунндардын Гуз, Хазар, Харлук, Усундары деп аталып гана калды. Алардан бөлүнүп чыккан улут, уруулар гана ар түрдүү аталыштар менен өзүнчө мамлекет боло жашап келишүүдө. Буга бир эле мисал, кырк уруудан куралган гуздар тыбыштык жагынан бузулуп, кырк гуз акыры барып кыргыз болуп жашап жатышпайбы. А түп атабыз Гузду азыр эч кимибиз гуздарданбыз деп атабай деле калды. Айтор, элүү жылда эл жаңынын мааниси ушунда турбайбы. Болбосо кифчак (кыпчак) деген аталышты ким атады? Ал жөндөн жөн эле аталып калбагандыр. Анда угуп туруң. VI-VII -кылымдарда арап баскынчыларынын Орто Азияга дин таратуусунда гунндардын гуздарын “кифчак” деп аташкан. Мындай атоо унутулуп калган арап тилинде жеңилбес, айтканынан кайтпаган көк дегенди түшүндүрөт экен. Бул аталыш азыркы күндө кырк уруу гуздардын он уул ичкилик урууларынын бири жети кашка уруусу аталып жатпайбы, баштапкы “жети кашка” аты өчүп, “кыпчактар” деген атка конуп. Демек карапайым окурман, сизге түшүнүктүү болсун үчүн жөнөкөйлөшкөн тил менен четинен айтып бергенге аракет кылып жатам. Байкадыңыз көрүнөт жанагы ар түрдүү аталыштагы скифтер, сактар, хунндар, каилер, хифчактар булар өзүнчө эл эмес, түп бабабыз Шумерлердин гунндарынан, алардын муун улаган урпактарына берилген түрдүү элдердин атоосу экенин билдиңиз. Эми Гунндардын төрт уулунан таркаган гуздар, хазарлар, харлуктар, усундар жөнүндө азыноолак сөз кылалы. Муну мен сиздерге түшүнүктүү болсун үчүн алгач чакмак түрүндө берип анан ар бирине билишимче кыскача баяндама жасаганым оңдуудай.

Ал эми түрктөр (түргөштөр) кыргыздарга, жалпы эле түрк элдерине тууганбыз деп айтышат. Бирок кандайынан барып кошула тууганчылык жактарын билишпейт. Чынында эле гунндардын Хазарлары аталыш жагынан тарыхта өтө аз кездешет. Мындайынан айтканда азыркы Каспий деңизи мурда Хазар (Хазарлардын) деңизи боло аталып келген. Мына алыс барбай кырк уруу Гуздардын аталуусу деле кырк гуз деп аталып жүрүп акырында тыбыштык жагынан бузулуп кыргыз аталып келатпайбы.

Түргөштөр (түрктөр), Азабейлер (Азербайжан), Түркмандар (Түркмөндөр) бири-бирине окшоштуктары, тилдеринин жакындык жактары да хазарлардан экендиктерин айгинелеп турат. Ал эми Кара-Деңиз бойлорунан Орто Азияга ХVI-кылымдарда ооп келген көчмөн Харлуктар жергиликтүү Гуз кыздарына үйлөнүүсү же ассимиляциялык кошулуулары Өзбек улутунун жаралуусуна шарт түзгөндүгү же болбосом өзбектердин “ана ватан” дегенинин жөнү биздин энебиздин мекени дегенди туюндуруп жатпайбы. Ал эми азыркы казак улутунун улут болуп калыптануусуна кырк уруу гуздардын тикеден тике таасиринен экендигин казак туугандар өздөрү деле танбайт. Дагы бир жолу бекемирек айтаарым, байыркы бабабыз Шумерлердин деңиз жээктериндеги таштарга калтырган жазмалары так эле гунндардын түрк рун жазмаларынан экендиги, ар жагы Америка материгиндеги Маялардын (индей) тепкичтүү мунара пирамидасындагы же Алтайдагы эл башы каганга тургузулган Тони Кукка эстелик жазууларынын айныгыс окшоштуктары түрк дүйнөсүнүн башаты кайдан экендигин далилдеп турат. Бирок азыр эч ким гунндар, анан таркаган гуздар, Хазарлар, Харлуктар, Усундар деп аташпайт. Булар түрк дүйнөсүнүн башаты катары тарыхта гана аталып калды. Ошол төрт тайпадан бөлүнүп чыккан улуттар гана бул күндөрдө кыргыз, өзбек, түрк, татар жана башкалар болуп өнүккөн өлкөлөрдүн катарында жашап келатышат. Анан дагы окурман журтчулугуна дагы бир айтаар кеп. Билсеңиз керек Америка материгинде Бостон деген шаар бар. Сиз муну кандай кабыл аласыз. Балким атына эмес, өнүккөн шаардын затына кызыгууңуз артар. Макаланын башында мен Маялардын (азыркы индейлер) тери иштетип аны турмушка пайдалануу жагынан Гунндарга караганда алда канча өнүккөндүгүн мына ушу Бостон шаарынын аталышы өзү эле айтып турбайбы – териден кийим кийген бостондуу адамдар деп. Ал адамдар кимдер эле, албетте териден кийим кийген индейлер да. Мына ушу бостондуктарга байланыштуу дагы бир мисал. Гунндар Европа тарапка басып киргенде гунн жоокерлерин ак варварлар деп аташкан. Себеби баш кийиминен тарта дене сактоочу калкандарына дейре ак териден жасалып, Европа адамдарынын көздөрүнө ак адамдар көрүнүп ак варварлар атыкканы ошондон. Же болбосом гунндардын кырк уруу гуздарынын он уул ичкилик урууларынын бири бостон деп аталат. Себеби бул уруу тери иштетүүнүн маданиятын жогору өздөштүргөндүктөн, алар териден кийим жасашкан. Ошон үчүн ал урууну териден тон кийгендер, боз тондуулар деп жүрүшүп бостон атыгып кетишкен. Мына эч кандай окумуштуу тарыхчылардын казмалаган далилин издебей эле Америкадагы индейлердин Бостон шаары, ал эми гунндардын гуздарынын бир уруусунун бостон деп аталышы, же болбосом европалыктардын гунн жоокерлеринин ак варварлар деп атоосунун өзү эле байыркы Шумер бабанын урпактары гунндар, маялардын бир туугандыгынан дарек берет. Мына азырга дейре Алтайдын усундары жер шартына ылайыкташа дагы эле тери кийимдерди, ал тургай индейлер төрт таяктуу териден жасалган алачыктарын пайдаланып келишет. Дагы да тереңдеп айтса болот эле, бирок окурман деңгээлин эске алып илимий багытка ооп сизди да чаташтырып албайын, дагы бир учур келер деп ар жагына салават таштай туралы.

Мен эми сиздерге Шумер бабанын гунндары, анын улуу баласы гуздардын түптүү элди түптөгөн түрк дүйнөсүн баян этүү болгондон кийин бул элдин башкаруучулары (таңгирикуттары), Шанюйлөрү (баатырлары) жөнүндө да сиздерге дагы да ишенимдүү болсун үчүн сөз кылгым келди.

Анан дагы бир оркойгон маселени айтпай калганымды моюнга алам, себеби кечөөкү тажик, кыргыз ортосундагы чек ара чырынан улам айтып түшүндүрбөсөм бул тарыхты билбеген сабатсыздык, түпкү тегинин кайдан келгендигин, кайсы кылымдарда пайда болгондугун билбеген сабатсыз генералга окшогондорго жооп берет деген бүтүмгө келдим. Ар ким өзүнүн билип билбеген версиясын тантырап, былжырап карапайым эл кимисине ишенишин билбей ара жолдо калды. Бул тарыхый версияны да элге түшүнүктүү болсун үчүн жөнөкөй тил менен айтып берейин. Албетте өзүнүн түпкү тегинин кайдан келгендигин, кантип жаралып эл болгондугун билбеген тежиктер (тажик) жөнүндө. Муну айтпасам сиздерге дагы да түшүнбөстүк туулат. Тарыхта айтылган Александр Македонский Орто Азияга жортуул жасаганда, ал кол башчыны азиялыктар Искандар Зуркарнайын же мүйүздүү Искандар деп аташкан. Кол башчы греко-бахтириялык аскерлерине кошо Перстерден да аскер кураган. Акырында Александр Индияга болгон жортуулунан кайтканда жолдо өлүп, аскерлери Гуздардын жеринде тыркырап кала берет. Кийин бахтириялык, персиялык аскерлер жергиликтүү гуз кыздарына үйлөнүшүп, тежик тажик уруусун жаратышкан. Ошо тежиктердин говорунда “Согдиана” деген сөз бар. Ал сактардын (гуз) кыздары биздин энебиз дегенди туюндурат. Бул бир. Ал эми VI-VII – кылымдарда арап баскынчыларынын дин таркатуусунда арап аскерлери менен кошо кирген Коросон (азыркы Иран) аскерлеринин жергиликтүү гуз кыздарына экинчи жолу үйлөнүүсү тежик (тажик) улутунун жаралуусуна дагы экинчи жолу шарт түзөт. Ал тажик туугандардын кырк гуздары (кыргыз) тага, таяке дешкени ошонон.

Мына эми сизге ачык айкын болду көрүнөт. Эми гунн башкаруучулары биздин заманга чейинки, биздин замандын баштарында кимдер болушкан атап көрөлү Айтмакчы жун (кытай) сепили да ушу хуннулардан (каардуу кулдар) коргонуу үчүн курулгандыгын дагы бир жолу эсиңиздерге салганым оңдуудай. Мына ушу адам акылы сыйбаган кытай коргонун жундар (кытай) 2 миң жыл бою курушкан. Сепилдин узуну 8 миң чакырымды түзсө Сан-Францискодон Парижге чейинки аралык деп эсептей бериңиз. Даван (азыркы Фергана) падышачылыгын Түмөнкан (Түгөлкан) Манас баатырдын прототиви Моудубек Шанюй деп жүрүшпөйбү) башкарып тургандыгы тарыхта так айтылат.

Биздин заманга чейинки гунн (хунн) башкаруучуларынын (таңгирикут) аттары. Жун (кытай) жазууларынан транскрипцияланганда көпчүлүк башкаруучулардын ысымдары түрк экендиги менен ырасталып турат:

Түмөн (240-210), Өгүзкан, Батур Таңгири Кут (210-174), Коюк (Күйүк) (174-161) Күнчүк (161-126) Увай (126-114), Ойшилур (105-102), Күлүг (102-101), Кетүгү (101-96),.Гүлүкү (96-85), Гөйөнд(85-68), Шүлүй Кангүй (68-60), Оеңкүтү (60-58), Күгүшар (58-31), Күтүюш (31-20), Сучиянүтү (20-12), Үгүлнүтү (8-1). Ал эми биздин замандын баштарында Үлүнүтү (13-18), Гүтү Арщи Давансы болгондугу биздин санада деле айтылат.

Ал эми чыгыш Хунн башкаруучулары (таңгирикут) биздин замандын башында Шилүшюту (48- 56) Циюкуту (56-57), Илга Пүлүтү (57-59), Хигуниши Шулан Шүкүтү (88-93) Аргу (93-94), Тандур Шүкүтү (94-98), Банчи Шүсүтү (98-124), Үчгү Шүсүтү (124-128), Күтүнү Сасүчүтү (128-140) Гүланнүшү Сүчү (143-147), Иллинисү Сүчү (147-172) Үнүнүшү Сүчү (172-178), Гүчүн (178-179, Кангүй (179-195).

Ал эми түштүк Хунн (гунн) башкаруучулары биздин замандын башында: Пану (46-83), Санму (83-84), Улук (84-89), Шималай (89-91), Панку (93-118).

Ал эми Европа (алыс жер же Европа) гунн башкаруучулары биздин заманда; Баламир (374-400), Жылдыз (400- 410), Каратүн (410-415), Банчук (415- 422), Руе (422-434), Аттила (Адилхан), (434-453), Тилик (453-454), Деңгизбек (454-469). Баарынан кызыгы кытайлардын жылнаама тарыхында Хунн (гунн) башкаруучуларынын негиздөөчүсү Чунвей (Чонбий) биздин заманга чейинки үч миң эки жүз жыл мурда бийлик башында отургандыгы жазылып калтырылган.

Албетте сиз ойлорсуз, бул элдердин орун очоктуу борбору болгонбу деп. Албетте мамлекет башкаруучусу (таңгирикут) болгондон кийин борбору сөзсүз болчу нерсе. Байыркы бабаларыбыз Шумерлердин борбору азыркы Түрктөрдүн өлкөсүндөгү же тарыхта айтылган бир аялдын айынан гректер менен болгон согушта кыйрап жок болгон Троя шаары экендигин көп тарыхчылар билсе деле керек. Троядагы согушту кинодон көрүп, кадимки биз кыргыздардын боз үйүндө постектин үстүндө жатканын көргөн чыгарсыз. Демек байыркы Шумерлер деле боз үйдө жашашкандыгы тарыхта көп айтылат. Ал эми улуу кол башчы, даңктуу гун башкаруучусу (таңгрикуту) Аттила (Адилкан) да аскерлери менен боз үйдө жашагандыгы, кадимки аскер жашоосунда жоокерлердин тамагын кошо ичип байлык күтпөгөндүгү тарыхта таамай айтылат. Ал эми чыгыштагы хуннулардын борбору азыркы Монголиянын чегинде Түмөнбалык (Миңбалык) деп аталган.

Эми мен сиздерге кырк уруу Гуздардын көөнө замандардан бери жашоо улап келатып ар кандай заман өзгөрүүсүнө, миграциялык бир жерден экинчи бир жерге көчүү шарттарынын негизинде уруу аттарынын өзгөрүп жаңы аттар менен аталып кетүүсү жөнүндө билгенимче сиздерге баян этүүнү туура көрүп турам. Мына ошо Шумер бабадан бөлүнүп өзүнчө улут, уруу болуп бул күндөргө жетүүсү деле ар кандай аталыштар менен коштолуп келгендиги тарых барактарында маалым. Мына кырк уруу Гуздар кырк гуз деп отуруп акырында кыргыз аталып, бул кырк уруу гуздар башка улуттардан жаралуусуна, пайда болуусуна шарт түзүп келбедиби. Мисал үчүн Казактардын, Өзбектердин. Бул жаратуу, жаралуу жагдайларын эч ким танып кеталбайт. Мына, казак туугандар эч кандай талашы жок эле кырк гуз урууларынан куралгандыктарын моюнга алышат. Же болбосом кырк гуздардын он уул ички урууларынын кыпчагын алып көрөлү эле. Алар тээ грек (юнан) тарыхчылары Гередот, Потоломейлердин атоолорунда етги кашке (жети кашка) деп жазылса, кийин VI-VIII -кылымдардагы дин таратууда арап баскынчылары жергиликтүү ички Гуз урууларын Хифчак атоосунан ал кийин жүрө жүрө бул атоо жети кашка уруусуна өтүп бүгүнкүгө дейре ичкиликтердин кыпчагы аталып келинет. А Жети кашка деген биротоло аталбай бир гана Өзбекстандагы Камка дарыя, Кашкалардын бойдон кала берди. Айтор буга окшогон уруу аттарынын аталышы көбүн эсе бир жерден экинчи жерге миграциялык көчүүлөрдөн уруу аттарынын өзгөрүшүнө алып келерин тарых беттеринде тастыкталып келет. Бул уруу о мурда мындай деген аталышта эле, эми мындай аталыш менен жаңы урууну пайда кылып олтурат деп калышат. Мунун чындыгын мен төмөнкү уруу мисалдары менен тастыктап берем.

Отуз уул, он уул экөөсү биригип кырк уруу гуздарды түзөт дебедикпи. Ошо отуз уулдун сол канат Куу уулдун бир уруусу Баргы. Бир замандарда жер которуп Ноокаттын бир бөлүк Баргысы Кашкар багытына ооп, ал жерден да жайлуу конуш болбой кайра эле көчүп конуп отурушуп Баткендин Нойгуттары мекендеген Дара өрөөнүнүн тоолуу жерин мекендешип жүрүп, Суу башы Нойгуттары атыгып кетишет. Азыркы күндө аларды Баргылар дешпей “суу башы Нойгуттары” дешет. Же болбосом ичкилик урууларынын Салусбектин Каңдысын алып көрөлү эле таң каласыз. Ал грек тарыхчыларынын атоосунда Катагандар делинет. Көрсө Катагандар эмне үчүн Каңды аталып кеткенин жөнү мындай экен. Мына, азыркы Нарын дайрасын этек жагы Сыр дарыясы деп ушу күндө аталат. А бул дарыя көөнө замандардан бери эки үч ат менен аталып келиниптир. Биздин заманга чейинки Александр Македонский заманында Яксарт деп аталса, ал эми биздин замандын башында Каң дарыясы делинсе, араптар дин таратууда басып киргенде Сейхун муран делинип, азыр Сыр дарыясы делинип жатат. Көрбөйсүзбү жер, суу аттары деле заманга жараша канча аттар менен аталып келгенин. Айрыкча согуштук басып алуучулук таасиринен өзгөрүүлөр көп болот экен. Мына ошо баштапкы Каң дайрасынын бойлорунда кырк уруу Гуздардын он уулунун, башкача айтканда Кызыл уулдун эки уулу Салусбек менен Булгачысынан таркагандар дейли. Ошо Салусбектин тун уулу Катаган, катагандан таркагандар азыркы Лейлек районунунда, андан ары Сыр бойлорунда жашашат. Жүрө-жүрө дарыянын атынан Каңдылар атыга башташат. А Манас доорунда ошо Сыр боюндагы Катагандардын бир бөлүгү же Кошой кандын бийлигинде Нарын тарапка жер которуп кетишет. Ошо Нарын тарапка туруп калган Катагандар баштапкы атын жоготпой отуз уул Гуздардын оң канат ак уулунун катарында Отуз уулдун Катаганы аталып кала берет. А азыркы Сыр боюндагы Катагандар Каң дайрасынын атынан Салусбектин Каңдысы атыгып кала берди. Сиздерге дагы да түшүнүктүү болсун үчүн дагы эки мисал айтып берейин дагы да ишеничтүү болсун үчүн.

Мисалы отуз уулдун сол канат Куу уулунун Солтосу бир замандарда түндүктөн түштүк тарапка оогон Солтолордун бир бөлүгү азыркы Лейлектин Сыр дарыя бойлоруна жер которо келип туруп калышат. Булар Отуз уулдун Куу уулунун сол канат Солтолору. А ичкилик урууларында солду чап деп аташат эмеспи. А жергиликтүү уруулар тек жай сүрүштүрө келсе Отуз уулдун Куу уулунун сол канат Солтосунан экендиктерин билишет. А булар чап колдук Солтолор турбайбы деп атап жүрүшүп чап колдук атоо да тыбыштык жагынан бузулуп, акыры барып барып чапкылдык деп аталып ичкилик урууларынын бир уруусу болуп кала берди.

Азыр ошо Чапкылдыктар (чап колдуктар) түштүк регионунда, Өзбекстандын бир топ айылдарында  Чапкылдык уруусу жашап келишет. Көрдүңүзбү, жок жерден ичкиликтердин сүйлөө говорунан жүрө жүрө бир учурдагы Солтолор жер которо көчүүдөн жаңы Чапкылдык деген ат менен ичкиликтин он уулуна кошулуп кетти.

Анан дагы жогорттогу Баткендин Дара өрөөнүндөгү Нойгуттар дебедимби. Мына ушу Нойгуттарга Дүйшөмбү (Тажикстан) тараптан төрт Лакай үй-бүлө жер которуп келип ушу Дара өрөөнүндө туруп калышат. Жергиликтүү уруулар сураштырышса Дүйшөмбүнүн жака белинде жашашкан Лакайлардан болобуз дешет. Ошо Лакай уруусун сүрүштүрө келсең өң түстөрү сүйлөгөн сөздөрү деле кыргыздарга окшош. “Силер кыргыз эмессиңерби?”- десең, “жок, биз Лакайбыз” дешет. Демек Лакайлар кыргыз менен тажиктин кошулуусунан пайда болгон уруу десек болчудай. Лакай деген аталыш мурдагы Яксарт, азыркы Сыр дарыясында Лака балыктар өсөт. Мына ошо балыктын атынан Лакалар, Лака балык жегендер деп отуруп баягы уруулар Лакайлар атыгып кетишет. Жогорттогу төрт үй-бүлө Лакайды жергиликтүү Нойгут уруулары “чор лакай” (чор тажик тилинде төрт) деп жүрүшүп, тыбыштык жагынан бузулуп, баягы чор Лакай Чардагай атыгып, алардан уланган муундар көбөйүп отуруп Чардагай уруусун түзүп кала берди.

Мына ушундай, окурман, мен сиздерге дагы да көп тарыхый жандырмактарды айтсам болот. Бирок анын азыркы заман талабына ылайык кереги болбой калды. Мындан ары жаңы аталыштагы улуттар, айрыкча уруулар пайда болбойт. Себеби муундар алмашуусу өткөн улут, уруун жөнүндө баш ооруткан окуусу болбой деле калды. Бир гана азыркы өзү жашап жаткан мамлекеттин атын, мисалы кыргыз, өзбек, казак ж.б мамлекеттердин аты менен өзүн таанып, кийин муундар алмашуусунан өзүнүн кайсы уруудан экенин билбей, ага болгон кызыгуусу болбой деле калат. Себеби заман агымы, заман талабы ошондойлукка алып баратат. Мына, окурман, баштапкы Шумер бабадан берки улуттардын, уруулардын аталуусу тарых беттеринде гана калды. Келе жаткан муундарыбыздын түшүнүгүндө тээ ата-бабаларыбыздан бери “кыргыз” болуп жаралганбыз деген түшүнүк гана калып, мындан ары да кыргыз деген аталыш менен жашай берет. Бирок улуу муундун адамдары бул тарыхый маалыматты билип коюшса ашыкчалык кылбас дегеним.

Ал айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле дегендей бүйүр кызыткан өз тарыхын билбеген сабатсыз тажик генералынын эки элдин ортосуна чок таштагысы келген сөзүнүн айынан мындай сабатсыз адамдарга тарыхтын так маалыматын айтып, “тегиңди, кайдан пайда болгонуңду биле жүргүлө тажик туугандар!”- деген максатта ушу тарыхый макаланы жазып окурмандарга сунуш кылбасам болбойт деген бүтүмгө келдим.

Мурзапар Үсөн Аль Мервани, жазуучу

Булак: “Майдан”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: