Россиянын Ленинград облусундагы Кировск шаарында кыргызстандык мекендешин зордуктаган. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Алардын айтымында, жабырлануучу милицияга өзү кайрылган. Ал 25 жаштагы мекендешине конокко келип, зордук-зомбулукка кабылганын айткан. 35 жаштагы айымдын айтымы боюнча, жигит аны батирде күч менен кармаган.
Туткундан качып чыккан аял, биринчи чыккан автобуска отуруп, Москвадагы Отрадное районуна келип, милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ