Бүгүн, 1-мартта абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров эртең, 2-мартка Бишкекте митинг уюштуруп жатышкан өзүнүн тарапкерлерине кайрылуу жасап, тарапташтарын митингге чыкпоого үндөдү. Кайрылуунун текстин коомчулукка Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов таратууда:
Кайрылуу
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө:
Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын баардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын. Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок. Мага жеткизген маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Мен үчүн бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабаймын. Ошондуктан, чыкпай эле койуңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем.
Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат.
Урматым менен С.Жапаров
1-март 2020-жыл
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ