Кечээ, 29-февралда Өзгөндө коронавирус катталды деп жалган маалымат тараткан Өзгөн райондук оорукананын медайымы Нурила Жамантай кызы өз арызы менен жумушунан бошотулду. Бул тууралу райондук оорукананын башкы врачы Сатар Жусупов бүгүн, 1-мартта билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, 28-февралдан тартып Whatsapp жана башка социалдык тармактардан “Өзгөн райондук ооруканасында чет элден келген 1 кыргызстандык жарандан коронавирус табылып, Ошко алып кетишти” деген билдирүү байма-бай тарап, эл дүрбөй баштаган.
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматтын калп экендигин жарыялап, Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин бир да коронавирус жуктурган адам катталбаганын расмий билдирген.
Укук коргоо органдары ал жалган маалыматты тараткан жарандарды издеп, ошол эле Өзгөн райондук аймактык оорукананын медайымы Нурила Жамантай кызын кармады.
Нурила Жамантай кызы алгач мындай маалыматты тамаша иретинде уотсап аркылуу курдашына жөнөткөнүн, анан ал курдашы аркылуу элге тарап кеткенин мойнуна алып, кыргыз элинен кечирим сурады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ