Menu

УКМК ККК: Почта кызматы аркылуу тамеки жана башка заттарды контрабандалык жол менен ташыган коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруунун алкагында, 2020-жылдын 28-февралында КР УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын учурунда Молдова Республикасынын жарандары Ш.О. жана Б.Г. кармалды. Алар 2013-жылдан бери КР ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери менен макулдашып алып, соода уюмунун жеке операторунун атынан почта кызматын жамынып Тажикстандан жана Казакстандан ташылып келинген тамеки заттарын АКШ, Канада жана Батыш Европа мамлекеттерине тиешелүү салыктарды төлөбөстөн жөнөтүү максатында туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн.

Мындан тышкары, аталган чет элдик жарандар КР почта операторунун статусун колдонуп Кытайдан түздөн-түз башка мамлекеттерге товарларды мыйзамсыз жөнөтүү каналын түзүшкөн. Бул КР мүчө болгон Дүйнөлүк почта биримдигинин эрежелерин бузуу болун саналат.

Аталган ишкананын иш бөлмөлөрүн жана кампасын тинтүү учурунда жалпы суммасы 6 млн. сомду түзгөн КР акциздик маркасы жок тамеки заттары жана ошондой эле 250 миң АКШ доллары, 620 миң сом өлчөмүндө накталай акчалар табылган.

Ошондой эле банктык эсептерде 400 миң АКШ долларынан ашык каражат аныкталды. Аны менен бирге 2018-жылдагы бир жылдык киреше 240 млн. сомго барабар болгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар КР УКМК Тергөө камаак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: