Бүгүн, 2-март күнү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген адамдар тынчтык митингин өткөрүүдө. Анын эң негизги максаты – Садыр Жапаровду абактан бошотуу.
Журналисттер Айкөл Манастын айкелинин жанынан уюштуруучулардан интервью алып, видеого тартып жүргөн учурда Садыр Жапаровдун тарапташтары кээ бир операторлорду ал жактан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Себеби аларда ММКнын өкүлү экенин далилдеген документ жок болгон. Журналисттер документти биринен сурап, биринен сурабаганын айтышып, нааразы болушуп, уюштуруучулар менен кайым айтыша кетишти.
Уюштуруучулардын бири операторду күч колдонуп, элдин арасынан түртүп чыкты. Алар видеону ылдый жактан тартууну талап кылышты.
Митингди уюштуруучулардын бири: “Журналисттер чындыкты чагылдыра албайсыңар. Бир чындыкты чыгарып койдуңарбы? Силер эч качан чындыкты чагылдырган эмессиңер” – деп айыптады.
Алардын айтымы боюнча журналисттер уюштуруучулардын ишине тоскоолдук жаратып жаткан имиш.
Белгилей кетсек, конфликт болгон учурда митинг расмий баштала элек болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ