Menu

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү жабык эшик артында өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук кароо болуп жатат.

Соттук отурумга айыпталгандардын бардыгын, ошону менен бирге Алмазбек Атамбаевди дагы алып келишти.

Алдын ала угууларга журналисттерди кигизишкен жок. Отурум жабык эшик артында өтүп жатат. Соттук териштирүү судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы астында өтүп жатат.

Эсиңиздрге сала кетсек, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан. Атайын операция маалында полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Аталган фактылар КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: