Menu

Фото – Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 2,5 млн сомго жакын аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 2 406 525 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “Баткен – Ош – Исфана” автоунаа жолунда “Н.Н.”, аттуу жарандын башкаруусундагы “ВОЛЬВО” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 21902 кг., болгон кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1 801 725 сомду түзөт.

Ошондой эле, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын аймагында “К.К.” аттуу жарандын башкаруусундагы “MAN” үлгүсүндөгү унаа чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Унааны текшерге учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы
салмагы 17 260 кг., болгон 432 кап кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 604 800 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: