Menu

Шадиевдин жакындарына катталган мүлк камакта калды

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жакындарына катталган мүлктү камактан чыгаруу боюнча райондук соттун чечимдерин жокко чыгарды. Бул тууралуу маалымат аталган соттон алынды.

Ага ылайык, шаардык сотто 11, 18 жана 26-февралда Шадиевдин кызы менен жубайына катталган мүлктү камактан чыгарууга каршы прокуратуранын арызы каралган. Анын жыйынтыгында саясатчынын кызы Саадат Шадиевага жана жубайы Асел Шадиевага катталган бир нече мүлктү камактан чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимдери жокко чыгарылды.

Буга чейин Башкы прокуратура Саадат Шадиеванын “Карвен – четыре сезона” ишканасынын уставдык капиталынын 33,33% үлүшүн, ал эми Асел Шадиеванын “Аква Инвест” жана “Аква Инвест Плюс” ишканасынын үлүштөрүн, Бишкектеги бир нече мүлктү камактан чыгаруу боюнча арызын райондук сот канааттандырганын жарыялаган болчу.

Парламенттин мурдагы депутаты жана экс-биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы быйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп брлгон.

Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Шадиевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык бир канча мүлк камакка алынган. Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: