Menu

Курсан Асанов Кой-Ташка дароо барса жабыркагандар болбойт беле?

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги Курсан Асанов Кой-Ташка дароо барса кандуу окуялардын алдын алууга мүмкүн болмок деп эсептейт.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Кой-Ташта атышуу башталганы тууралуу маалымат милициянын нөөмөт бөлүмүнө 7-августта саат кечки 8де түшкөнү, Асановго кабар дароо берилгени, бирок ал 8ден 9:30га чейин “Пинара” мейманканасынын ресторанында достору менен тамактанып отурганы айтылат.

“Арадан 1,5 саат өткөндөн кийин гана Кой-Таштан 5 чакырым аралыкта жайгашкан Горная Маевка айылына барган. Асанов өз убагында чара көрбөгөнүнөн Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтары топтолуп, милицияга таш ыргытып, аларга оор жаракат келтирип, “Альфанын” кызматкерлерин барымтага алып, ок атуучу куралдарды тартып алышкан”,- деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ ошондой эле Асанов Кой-Ташка дароо барса Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жана анын жанында жүргөн башка кызматкерлер жабыркабайт болчу деп эсептейт.

“Асанов өз билдирүүсүндө Атамбаевди суракка алып келүү жөнүндө тапшырманы аткарганын айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча тапшырманы ИИМдин Тергөө кызматы УКМКга тапшырганын баса белгилеп кетиш керек”,- деп кошумчалады министрлик.

Өткөн аптада ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов сотто сүйлөп жатып Кой-Таш окуясы боюнча тергөө ИИМдин жетекчилигинин ич күйдүлүгүнүн негизинде жүргөнүн айткан болчу.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Асанов коюлган айыптарды “негизсиз жана ойдон чыгарылган” деп баалаган.

Ал 2019-жылдын 7-августунда болгон окуяларга токтолуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул коюуга каршы болгонун билдирген: “Ошол күнү барымтадагыларды сүйлөшүү жолу менен алып чыгайын дегем. Бирок айрым адамдар менин сөзүмдү укпай, ушул абалга алып келишти”. Айтор, жакын арада сот К. Асановдун Кой-Таш окуясындагы аракетине укуктук баа берип, ал баатыр же күнөөлүү болмокчу.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: