Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-мартта Ала-Тоо аянтында болуп өткөн абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингинин активдүү катышуучусу Д.А. аттуу аялды 3-майга чейин, 2 айга УКМКнын тергөө абагына камакка алды.
Д.А аттуу жаран УКМК тарабынан кечээ, 3-мартта кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 309-“бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренеси боюнча шектелип, 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу абагына киргизилген.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2-мартта болуп өткөн Садыр Жапаровду колдоо митингине катышкандардан буга чейин экс-министр Каныбек Осмоналиев, Ч.Н аттуу аял да кармалган. Жалпысынан бул митинг боюнча азырынча 3 жаран кармалганы расмий айтылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ