Menu

Түштүк Кореядан келип карантинге алынган кыргызстандыктар үйүнө чыгарылат

Бөлүшүү:

Түштүк Кореядан келген 5 кыргызстандык Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жайгаштырылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 5 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Бүгүнкү күндө алар текшерүүлөрдөн өтүп, коронавирустун белгилери табылган эмес. Учурда саламаттыкты сактоо министрлиги аларды үйүнө кое берүү маселесин карап жатат.

“Бир бала ДЦП менен жабыркайт, ал эми бирөөсү ымыркай, бул жагдай эске алып, аларды үйүнө чыгаруу чечими кабыл алынды. Алар үйүнө чыкканы менен көзөмөлдөн өтүп турушат. Бул учурда аларга эл топтолгон жерге баруу тыюу салынат. Ошондой эле үйдү дезинфекциялап, өздүк гигиенанын эрежелерин сакташ керек” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея эки күндүн ичинде эле коронавирустун үчүнчү ири очогу болуп калган. Бүгүнкү күндө 5 621 адам коронавируска чалдыккан, 35 адам каза болсо, 41 киши айыккан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: