Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков коомчулук Аламүдүн дарыясындагы жашыл түстөгү аккан сууну талкуулап, бул боюнча жарандар ага кайрылып жатканын билдирди.
“Бир топ шаардын тургундары мага кайрылып жатат. Эмне болгон суу? Малыбыз ичсе болобу? Чарбачылык иштерге пайдалансак болобу? деп. Ошон үчүн тиешелүү жетекчилерди чакырып келип, маалымат уксак” – деп сунуштады депутат.
Бул сунуш добушка коюлуп, жыйынтыгында күн тартибине киргизилди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ