Menu

“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 29-январында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн объективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн анык эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого багытталган.

Өлчөөлөрдүн байкоодо болушун жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун укуктук негиздерин жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы     № 118 «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мыйзамда көрсөтүлгөн «текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары аккредитацияланган болууга тийиш» деген ченем 2023-жылдын 1-июнунан тартып күчүнѳ кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: