Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров кайрылуу жасады. Ал кайрылуусунда элди биримдикке чакырып, мамлекетке тынчтык керектигин белгилеген.
“Урматтуу мекендештер, Садыр Жапаровдун колдоочулары, мен сиздерге кайрылып кетким келип турат. 2-март күнү Садыр Жапаровду колдоп бергениңиздерге ырахмат айтам. Биз койгон талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. 2-март күнү болуп кеткен башаламандыктан өзүбүздү сактайлы жана ага жол бербейли. Мамлекетке тынчтык керек. Мыйзамды сактоо керек” – деди Сабыр Жапаров.
Ал иниси менен сүйлөшкөнүн, Садыр кайрылуусун ага айтканын билдирди.
“Садыр Жапаров боштондугун митинг жолу менен эмес, мыйзамдуу, сүйлөшүү жолу менен чечет. Урматтуу кыргыз элим, тынчтыкты сактайлы, жаман нерселерге жол бербейли. Бизге андай жолдун кереги жок. Мындан кийин чагымчыл күчтөр бизди колдонуп кетпесин. Анткени мага келген маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонобуз деген ойлору бар экен. Мындай башаламандык менен тез ара эле мамлекетибизди жоготуп алабыз. Кудай буйруса сүйлөшүү жолдору башталды. тынчтыкты сактап, кайрадан башаламандыктын болушуна жол бербейли. Сиздерге чоң ыраазычылык билдиргим келет” – деп айткан Сабыр Жапаров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ