Menu

15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барып жүргөн жигит 3 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

27-февралда Жалал-Абад облусунда 15 жаштагы кыз менен бир нече жолу жыныстык катнашка барган Хабиб (Х.П. аты өзгөртүлдү) 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 21 жаштагы Х.П. 2018-жылы 14-октябрдан 25-декабрга чейин Малика (аты өзгөртүлдү П.М.) менен жыныстык катнашка барган. Алар ал убатка кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, жыныстык катнаш эки тараптын макулдугу менен болгон. Бирок, ал убакта, 2018-жылы Малика 15 жашта болчу. Укук коргоо органдары кыздын жашы тууралуу жигит биле турганын айтышууда. Кийинчерээк Хабиб менен Малика пикир келишпестиктен улам урушуп, сүйлөшпөй калышкан. Андан көп өтпөй эле Малика кош бойлуу экенин билип, 2019-жылы октябрь айында кыз төрөгөн.

Соттук отурумда Хабиб Малика үйүндө эч ким жок кезде өзү чакырып жүргөнүн айтып, жашы жете элек кыз экенин билбегенин айткан. Малика төрөгөн кыз анын кызы экенин танбай турганын, Малика 18 жашка толгондо ага үйлөнө турганын билдирген.

Малика мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда көрсөтмө берген. Ал кантип өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганын түшүнбөй калганын айткан. Хабиб ага үйлөнөм деп айткандыктан жалпы 15 жолу жыныстык катнаш болгонун айткан.

Жыйынтыгында Жалал-Абад облустук соту айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 132-беренесинин (16 жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана башка сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге баруу) негизинде күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: