Кечээ, 5-март күнү Бишкек шаарындагы Турусбеков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде №214 маршрутка менен “Вольво” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшкөн. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Маалыматтар боюнча, кырсыктан улам 4 адам жабыркаган. Жол кырсыгынын видеосу социалдык тармактарга жарыяланган. Видеодон көрүнгөндөй, эки унаа сүзүшкөндө, маршруткадагы жүргүнчү ыргып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ