Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Шанхай кызматташуу уюмунун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Владимир Норовду ШКУнун Башкы катчысынын кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Президент 18 жылдык ишмердигинде Уюм абройлуу эл аралык уюмдардын арасында татыктуу орунга ээ болгонун, коопсуздук жана мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүү фактору болуп калганын белгиледи.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш аткарууда, сүйлөшүүлөр жүрдү, көптөгөн тиешелүү структуралар менен маселелер талкууланды.

«Бишкекте 2019-жылдын июнь айында өтө турчу ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине чейин биз бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кадырлуу меймандарды күтүүгө даярданабыз. Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда кол коюуга пландалган жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат. ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин өнүгүүсү үчүн бирдиктүү аракеттер жыйындын негизги бөлүгүн сапаттуу толтуруп, чоң ийгиликтерге жетишебиз жана бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп ишенем», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов анын Башкы катчы катары биринчи сапары бул жылы ШКУда төрагалык кылган Кыргызстанга болуп жатканын символикалуу деп белгиледи.

«Кызматка киришкенден берки башкы артыкчылыктуу багыт катары мен өзүм үчүн ШКУнун Саммитин жана анын алкагындагы тиешелүү иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнү аныктадым. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, жаштар кеңешинин жетекчиси жана ШКУнун ишкердик кеңеши менен жемиштүү жолугушуулар өттү. Бул жолугушууларда биз Саммитке чейин чечиле турчу маселелердин бардыгын кеңири талкууладык. Баарынан мурда – бул даярдала турган документтердин пакети», – деп белгиледи Владимир Норов.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов саясат, коопсуздук, маданий жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташуу менен катар ШКУнун алкагында экономикалык потенциалды активдештирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: