Вице-премьер министри кызматына Замирбек Аскаров деген бирөө бекиди эле. Эмне иш кылып атканы белгисиз. Өң-келбети кандай неме экенин да унутуп баратабыз. Эл аралап, эмне менен алек болуп атканын билдирип койсо боло, жарыктык. Кубат Боронов жүрөт өкмөт башчынын орун басары катары жан үрөп иштеп, улам бир аймакка чапкылап. Жеңиш Разаков жүрөт маселе чечпесе да эл аралап, Алтынай Өмүрбекова да аракеттин үстүндө. Ушул эле Аскаров деген «сулуукени» көрбөй койдук. Жок деген көлгө барып эс алып келсеңиз боло Замир мырза, иш бөлмөдөн чыкпай, баш көтөрбөй иштей берип мээге күч келтирип албасаңыз экен…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ