Menu

Кыргызстанда билим алган Египет президенти

Бөлүшүү:

Египетти 30 жыл башкарган президент Хосни Мубарак 91 жашында каза болду деген суук кабар тарады. Бул президенттин 60-жылдары Кыргызстандын борбор калаасы болгон, мурдагы аталышы Фрунзеде билим алып кеткендиги тууралуу билгендер аз болсо керек.

Аскердик кесипти тандаган Хосни Мубарак

Хосни Мубарактын толук аты-жөнү Мухаммед Хосни Саид Мубарак. 1928-жылы 4-майда Нилдин дельтасындагы Кафр Эль-Муселиха деген кыштакта жарык дүйнөгө келген. Атасы сот кызматында иштеп баласынын мугалим болуусун каалаган. Бирок, баласы башка жолду, аскер кызматкерлигин тандап, андан бир топ ийгиликке жетишип, президенттик тепкичке чейин көтөрүлө алды.

Окуудагы ийгиликтер, Фрунзе Авиация окуу жайынын студенти

1949-жылы Каирдеги Аскер окуу жайын бүтүрүп, 1950-жылы аскер окуу жайларынын мыкты бүтүрүүчүлөрүн тандап алуучу Египет Аскердик-аба академиясына кабыл алынат. 1959-1960-жылдары Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарындагы Авиациялык окуу жайында билим алат. Ал эми 1964-1965-жылдары Москвадагы Фрунзе атындагы аскердик академиядан билим алып, Ил-28 жана ТУ-16 учактарында бомбардировкалоону башкарууну өздөштүрөт.

Аскердик карьерасы

Хосни Мубарак 1967-жылдагы араб-израил согушуна катышкан. 1969-жылы ошол маалдагы өлкө президенти Гамаль Абдель Насер Аскер-аба күчтөрүнүн штабынын жетекчилигине Мубаракты дайындайт. 1972-жылы Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчысы жана коргоо министринин орун басары болуп дайындалган.

1973-жылы Египет ААКсынын башкы командачысы, авиациянын маршалы наамын алганга жетишкен. Мубарак 1973-жылы Израил күтүүсүз чабуул койгон учурда Синай жарым аралындагы согушта маанилүү роль ойногон. Согушта Египет жана анын союздаштары утулуп калганы менен аба күчтөрүнүн аракеттери элдин алкоосуна татып, Хосни Мубарак улуттук баатырга айланган.

Президенттикке карай жол

1981-жылы Египетте террордук кол салуу болуп, президент Анвар Садат каза болот. Анын жанында болгон Мубарак колунан жарат алып, аман калат. Хосни Мубарак 1981-жылы 13-октябрда референдум аркылуу бийликке келет. Аны 98 пайыздан ашуун шайлоочу колдоп, өлкөнү 30 жыл башкарды.

«Араб жазынын» кесепети

Мубарак 2012-жылы “араб жазы” деп таанылган каршылык акцияларынын кесепетинен бийликтен сүрүлгөн эле. Көп өтпөй камакка алынып, ар кандай айыптар тагылган. Мубарак бийликтен сүрүлгөндөн кийин өлкөнү Убактылуу Өкмөт колго алып, 2012-жылдагы шайлоодо көп өлкөлөрдө террордук уюм деп табылган “Мусулман агайындар” уюмунун талапкери Мохаммед Мурси жеңип чыккан. 2013-жылы июлдагы аскер төңкөрүшү Мурсини бийликтен кулатты. Өлкөнү генерал Абдул-Фаттах ас-Сиси башкарып калды.

Ден-соолугуна тийген залака

Хосни Мубаракты 2012-жылы 239 тынч демонстранттарга ок аткан деп айыпташып, өмүр бою эркинен ажыратышат. Кийин өлкөдөгү аскер төңкөрүшүнөн соң экс-президентти сот актаган. 2017-жылы эркиндикке чыккан. Бирок абактын азабынан жүрөгүнө жабышкан дарт 91 жаш курагында бир кездерде Фрунзеде студент болуп, Кыргызстандын абасынан кере дем алып кеткен Хосни Мубаракты чын дүйнөгө алып кетти.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: