Menu

Өкмөт: Талас облусунда коронавируска чалдыккандар жок. Мессенджерлердеги билдирүүлөр чындыкка коошпойт

Бөлүшүү:

Талас облусунун Манас районунда коронавируска чет элдик жарандын чалдыкканы аныкталды деген маалымат жалган жана чындыкка коошпойт. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

7-мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы күндөрү социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу коронавирус жуктурган Түркиянын жараны Талас облусундагы Манас районун Покровка ооруканасына жаткарылганы тууралуу жалган маалымат тарап жатат.

Бул жалган аудионун автору Талас обусунун Манас районунда жашаган Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталды.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб жарандарды Кыргыз Республикасында инфекция чыкканы тууралуу жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу таратпоого, жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: