Menu

Былтыр августта Москвага жумуш издеп кеткен кыргыз жараны октябрь айында токойдо асынып өлгөн

Бөлүшүү:

2019-жылдын августунда Кыргызстандан Москвага жумуш издеп кеткен А.А. аттуу 1972-жылы туулган кыргыз жараны үй-бүлөсү менен бир-эки жолу телефон менен байланышып, анан дайынсыз жок болуп кеткен.

Үй-бүлөсү тынчсызданып, Москвадагы кыргыз мигранттары аркылуу издеп, майнап чыкпаган.

2019-жылдын декабрынын башында жубайы, 1975-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаран Москвага келип, КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлугүнө дайынсыз жоголгон күйөөсүн табууга жардам сурап, арыз менен кайрылган. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Дайынсыз кеткен жаран А.А. жоголгонго чейин Москва шаарынын Бабушкин районунда жашаган.

Москванын өлүкканаларындагы маалыматтарды иликтегенде  2019-жылы 24-октябрда Москва облусунун Домодедово шаарына  кеткен  М-4 “Дон”  жолунун 30-чакырымындагы токойдон 1972-жылы туулган А.А. аттуу жарандын даракка асылып турган жансыз денеси табылган. Анын денесинен зомбулуктун издери байкалбагандыктан ал өзүн-өзү асып өлтүргөн деген тыянак чыгарылып, өлүкканага жөнөтүлгөн.

Соттук-медициналык экспертизадан өткөндөн кийин сөөктү эч ким издеп келбегендиктен ал мамлекеттин эсебинен жерге берилген.

5-март күнү маркумдун жакындары бул иштин документтери менен Москва облусунун Домодедово шаарындагы Тергөө комитетинин бөлүмүндө таанышкандан кийин маркумдун сөөгүн казып алып, мекенине алып кетүү аракети башталды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: