Menu

Видео – Айбек Бусурманкулов: “Жер үй” алтын кени боюнча Кыргызстан мурунку инвестор “Визорго” $589 млн карыз болчу деген сөз жалган”

Бөлүшүү:

“Бүгүн, 9-мартта “Жер үй” алтын кени боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын биринчи отуруму өтүп жатат. Буга биз 2015-жылы Жер үй алтын кени боюнча конкурстук комиссиянын мүчөлөрүн чакырдык. Алардан “эмне үчүн 2015-жылы “Жер үй” алтын кени сатылып жатканда Кыргызстандын алтын кендеги үлүшү каралган эмес?” деп сурап жатабыз. Кээ бирлери: “мен билбей калыпмын, мындай эле кол коюп койгом, бир эле жолу катышкам” деп айтып жатышат”, – деп билдирди Элдик комиссиянын төрагасы Айбек Бусурманкулов.

“Эмне үчүн Жер үй алтын кенинде Кыргызстандын үлүшү каралган эмес? Эмне үчүн тендердин шартында айтылгандай “Востокгеологодобыча” ишканасынын 5 жылдык тажрыйбасы жок экенине карабай ага берип салышкан? деп сурап жатабыз. Анан айтып жатышпайбы мурунку инвестор – “”Визорго” Кыргызстан $589 млн карыз болчу” деп, Кыргыз мамлекетинин карызы деп. Бирок андай карыз болгондугу боюнча эч кандай далил жок. Анткени конкурстун шарты боюнча ал жерде так жазылып турат. Соттун чечими болсо, уткан компания өзүнүн эсебинен соттун чечимин аткарыш керек деп. Бирок соттун андай чечими жок экен. Мына, бизге бул кат келди, бул жерде ич-ара макулдашып алган да. Экинчиден мына КР Жер казыналары боюнча мамлекеттик комитеттен бизге кат келди, анда да: $589 млн боюнча эч кандай аудит болгон эмес дейт. Ошондуктан булар айтып жаткан “Кыргызстан Жер үй алтын кени боюнча мурунку инвестор “Визорго” $589 млн карыз болчу деген сөз эч негизсиз! Алардан кредит алган эмеспиз. Ал боюнча соттун чечими да болгон эмес: $589 млн акчаны Кыргыз мамлекет төлөп берсин деп. Ушундай көп жагдайлар чыгып жатат. Элдерден көп арыздар түшүп жатат… ” – деди Айбек Бусурманкулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: