Menu

Алтынай Өмүрбекова атасынын колунан бычакталган 9 жашар баланын абалынан кабар алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова  ооруканага барып, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен 9 жаштагы баланын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча, баланын абалы оор, ошол эле учурда туруктуу. Ал эсинде эле.

Алтынай Өмүрбекова балага тез сакайып кетишин айтып, медицина кызматкерлерине кечиктирилгис чараларды кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал жапа чеккен балага квалификациялык медициналык жардам берүүнү, тиешелүү дары-дармек менен камсыз кылууну, психологиялык жактан жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдар тараптан бардык зарыл болгон жардамдар берелерин белгиледи.

Медицина кызматкерлери кайдыгер карабаган жарандардын бардыгына, жапа чеккен баланы колдоо үчүн акча каражатын чогултууну демилгелегендерге ыраазычылык билдиришти. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, акча каражатын чогултуунун зарылдыгы жок. Балага толук кандуу медициналык жардам берилип, бардык тийиштүү дары-дармектер жана башка зарыл каражаттар менен камсыздалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: