Menu

Видео – Замирбек Көчөрбаев: “Феминисттерге чек коюлбаса, алар жылдан жылга күчөп, Европадагыдай көчөгө жылаңач чыга башташат”

Бөлүшүү:

“Кырк чоро” уюмунун мурдагы төрагасы Замирбек Көчөрбаев феминисттерге тыюу салынбаса, алар жылдан жылга күчөп, аягы Европада болуп жаткан терс көрүнүштөр бизге дагы келерин айтты.

“Феминисттердин жеке кызыкчылыктары бар. Алар атайын сырттан каржыланып, ошолордун аракетерин Кыргызстандын ичинде ашырып жатат” – дейт Замирбек Көчөрбаев.

“Алар аялдардын, жаш балдардын укуктары, коомдогу социалдык көйгөйлөрүн алып чыгышып жатышат. Ошолордун аркасында дагы башка бир аракеттери бар. Аны алар айтышпай эле. Эгерде алар айтса, ал биздин мыйзамдарга каршы келет. Ага укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүп калышы мүмкүн” – деп билдирди Замирбек мырза.

Ал чет өлкөдөгү феминисттердин жүрүшүн айтып, эгерде бизде чек коюлбаса, жылдан күчөп Европадагыдай болуп кетет дейт.

“Башка өлкөлөрдө феминисттер мамлекеттик мекемелерди талкалап, көчөлөрдө топ-тобу менен басып калышты. Буларга азыр чек койбосо, жылдан жылга ого бетер күчөп берип, аягы Европада болуп жаткан нерселер бизде болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт” – деп жыйынтыктады.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: