“Бириккиле деген элдин сөзүн эки кылбашыбыз керек. Ошондуктан Камчыбек Ташиевге барып жолугуп, сүйлөшүүлөрдү баштайлы деген чечим кабыл алдык. Ошонун негизинде кайрылдык, сүйлөшүүлөр башталды. Сүйлөшүүнүн башында Камчыбек Ташиев өзүнүн эң негизги принциптерин айтты, биз ага “Чоң казат” кыймылынын принциптерин айттык”, – деп билдирди 15-июнда”Чоң казат” кыймылынын лидери Максат Мамытканов.
“Көп пикирлерибиз, позицияларыбыз бир жерден чыкты. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын азыр айта албайбыз, анткени сүйлөшүүлөр дагы улантылат. Камчыбек Кыдыршааевич айтты: “балдар бул саясат, туура түшүнгүлө, көп маселелерди биз партиялаштар менен талкуулап, кеңешибиз керек” деп тарадык. Кийинки жолугушуу качан болору али тактала элек. Бирок сүйлөшүүлөр башталды”, – деди Максат Мамытканов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ