Menu

8-мартка карата сый уюштурууну талап кылган мугалим иштен алынды

Бөлүшүү:

8-мартка карата сый уюштурууну талап кылган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

9-мартта социалдык тармактарга мектеп мугалиминин окуучуларды тилдеп, 8-мартка карата сый уюштурууну суранган тасма чыккан.

Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, тасмадагы мугалим аталган райондогу Баки Эшмамбетов атындагы орто мектебинде эмгектенет. Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, мугалимдин аракетине юридикалык баа берилди.

Тактап айтканда, Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-октябрындагы (№1151/1) ар кандай даталуу жана майрамдык күндөргө карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча буйрукту аткарбаганы үчүн КР Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жумуштан алынды.

Мындан тышкары, мугалимдер арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн мектеп директоруна да тартиптик чара колдонулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: