Menu

Сапар Исаков эгиз уулдардын атасы болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-март күнү мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эки эгиз баланын атасы болду. Бул маалымат Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук отурумда белгилүү болгон.

Сапар Исаков журналисттерге бүгүн эртең менен анын аялы эгиз уул төрөгөнүн айтып, бардыгы жакшы экенин белгилеген.

Сапар Исаковдун төрт кызы бар, эми алардын үй-бүлөсүнө эгиз уул кошулду.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп, анда айыпталуучуларга өкүм чыккан. Сот экс-премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан. Учурда Бишкек шаардык соту ЖЭБ боюнча айыпталуучуларга чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды карап жатат. Ошондой эле Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо боюнча дагы соттук отурумдар болууда. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков коррупцияга айыпталууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: