“Шайлоо убагындагы коррупция партиялык салондон – шайлоо участкасынан чыгып элди аралап кетти. .. Саясатчы шайлоочуга бир тыйын бербей туруп добушун алсам дейт, ал эми бизнесмен-саясатчы бир тыйын бермек тургай, кайра шайлоочунун тыйынын да, добушун да алсам деп ойлойт. Эч эле добушка акча берейин деген адам жок. Аларды акча бергенге кырдаал, анан шайлоочу мажбур кылат. Тилекке каршы “куру аякка бата жүрбөйт” деген принципти бүгүн кеңири колдонуп жатышат”, – деп билдирди “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Марал радиосунун редактору Майраш Базлакуновага берген маегинде.
“Максимум шайлоочуларды сатып алуу 2015-жылдан башталды. Илгери азыраак болчу, 2015-жылдан тартып массалык түрдө башталды. Быйылкы шайлоодо эл акча албайбыз деп жатышат, бирок менин оюмча быйыл деле алышат”, – деди Текебаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ