Menu

УКМК: Фарид Ниязовдун чагымчыл билдирүүсү – жоопкерчиликтен качуу жана коомчулукту адаштыруу аракети

Бөлүшүү:

УКМК Фарид Ниязовдун билдирүүсүн Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын актоо, Кой-Таш окуясы боюнча тергөөнү саясатка айлантууну көздөп, негизсиз, коомчулукту адаштыруу, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин беделин түшүрүү максатында жазылган деп эсептейт.

Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунда, “Атамбаев бийликти басып алууну көздөгөн жана жоопкерчиликти Атамбаев жана анын тарапташтары тартат” деп белгиленет. Ошондой эле корутундуда “ИИМдин жана УКМКнын аракеттери Конституцияга, Кылмыш-жаза кодексине жана мыйзамдарына ылайык болгон” деп айтылат.

“2019-жылдын 7-8-августунда УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери Атамбаевдин үйүнүн аймагында курал-жарактарды колдонушкан эмес. Аргасыз жана мыйзамдуу атайын каражаттар гана колдонулган. Бул кылмыш иштин материалдарында дагы тастыкталат” – деп айтылат маалыматта.

Фарид Ниязовдун “УКМКнын төрагасы О.Опумбаев өзүнүн буйругу менен “Альфанын” кызматкерлерин тобокелге салып, Атамбаевдин үйүн таштап кетүүсүнө уруксат бербен эмес” деген билдирүүсү таптакыр негизсиз.

“Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын жосунсуз жоруктары тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, учурда Биринчи май райондук соту карап жаткан материалдардын негизинде алардын күнөөлөрү тастыкталды” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, юридикалык жаткан УКМКнын жетекчисинин жана кызмакерлеринин аракеттери мыйзамдуу экенин белгилешкен.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: