Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун Максат Орозбакова аттуу судьясы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Маалыматтар боюнча, судья бүгүн, 12-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Ал жарандык ишти оңунан чечүү үчүн 2 миң доллар талап кылган.
Кармалган 37 жаштагы судья Биринчи май райондук сотуна судья болуп 2018-жылдын июль айында дайындалган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ