Бүгүн, 14-мартта Казакстанда дагы 2 жаран коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдиргенин казак ММКлары жазып чыгышты.
Илдетти жуктуруп алгандырдын бири эркек киши ал 1958-жылы туулган. Москвадан Алматыга келген. Ал эми экинчи жаран аял киши ал Польшадан Нур-Султан шаарына учуп келген.
Учурда вируска чалдыккандардын аты-жөнү, жарандыгы такталып жатат.
Күн мурун Казакстанда биринчи жолу коронавирус аныкталып, 4 адам жабыркаган. Бүгүнкү күндө жалпы 6 адамдан коронавирус аныкталды. Учурда 1 миң 90 адам стационардык карантинде жатса, 452 адам үй шартындагы карантинге алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ