Menu

Профсоюздар федерациясынын экс-төрагасы, КСДПчы Мирбек Асанакунов анын сейфинен $100 миң жана бриллианттар уурдалганы боюнча милицияга арыз жазды

Бөлүшүү:

КР Профсоюздар федерациясынын экс-төрагасы, КСДПчы Мирбек Асанакунов аны кабинетинен кууп чыгышкан федерациянын мүчөлөрүнүн үстүнөн арыз жазды.

Профсоюздар уюмунун өкүлдөрү журналисттерге билдиргендей, Мирбек Асанакунов иш бөлмөсүндөгү сейфтен $100 миң жана бриллианттар жоголгонун айтып, ага федерациянын мүчөлөрүн күнөөлөгөн. Милициянын кызматкерлери шектүүлөрдү Биринчи май РИИБде түн жарымга чейин кармап, суракка алып, анан коё беришкен.

Мирбек Асанакуновдо мындай ири көлөмдөгү акча жана бриллианттар кайдан экени белгисиз. Милиция аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов жасалма документтер менен мыйзамсыз кызмат ордун ээлеп олтурат деп өкүм чыгарышкан. Ал чечимдерди Жогорку сот бир күндө токтоткон.

5-февраль күнү Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кезексиз отуруму өтүп, анда Мирбек Асанакуновду кызматынан бошотуу маселеси каралып, төрага кызмат ордунан бошотулган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: