Menu

Видео – Алтынбек Сулайманов экс-депутат Өмүрбек Бабановдун эң башкы катасы катары анын коркоктугун айтты: “согуштан баш тарткан жоокер кыңк этпей душманына баш ийет”

Бөлүшүү:

-Алтынбек Турдубаевич, 2010-жылы Бабановдун “Республика” партиясында Алтынбек Сулайманов деген талапкер депутат болуп шайланды, арадан 5 жыл өттү, Алтынбек Сулайманов өз алдынча “Бир бол” партиясын ачты жана Жогорку Кеңешке келди. Арадан 10 жыл өттү, 2020-жыл келди, “Республика” партиясы бүгүн шайлоого барар-барбасы белгисиз болуп, илең-салаң болуп турат. Бабанов болсо өзү саясаттан кеткенин жарыялады. Бабанов саясатта жок, саясатта Алтынбек Сулайманов бар. Саясатта ошол Алтынбек Сулайманов түзгөн “Бир бол” партиясы бүгүн бутуна туруп, шайлоого ишенимдүү даярданып баштады.  Менин суроом: Бабанов эмне ката кетирди?

-Бабановдун катасына эми эл баа берет болуш керек, мен бир болгон окуяны айткым келет: 2010-жылы биз парламенттик шайлоого “Республика” партиясы менен чоогу аттанганбыз. Ошондо Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев чоогу интервью берип калды. Текебаев анда Бабановго: “чоң жолго аттаныпсын, сенин атың да мага окшоп Өмүрбек, ошондуктан же эч нерседен коркпос бол, же атыңды өзгөрт” деп Александр Македонскийдин бир мисалын келтирди.  Биз анда буга жакшы маани берген эмеспиз, азыр эми турмуш көрсөтүп жатат, “согуштан баш тарткан жоокер кыңк этпей душманына баш ийет” дейт.  Ошондой болуп калды менин оюмча.

Видео: Bars media

Тексттин кагазга түшүргөн KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: