Кыргызстанда 3 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта коронавируска каршы көрүлүп жаткан өкмөттүк чаралар боюнча брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, коронаривус Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келген кыргыз жарандарынан аныкталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга келгенден кийин, үйүндө көзөмөлдө болушкан.
16-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Беловещенск айылында Меккеден келген аялдын дене табы көтөрүлгөн. Умрадан келген 8 адамдан анализ алынып, Ош шаарына жиберишкен. Жыйынтыгында коронавирус инфекциясы 3 адамдан табылган.
Ал бүдөмүк болбош үчүн Бишкекте жана Ош шаарында бардык жагынан тастыкталган, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аттестациясын алган, эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялар иштерин белгилеп өттү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ