Нарында 3-февралда болуп өткөн Сөз эркиндигин коргоо комитети менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда орус тилдүү “Республика” гезитинин баш редактору Замира Сыдыковага гезиттин кыргызча версиясын чыгарууну сунушташты.
“Замира Сыдыковага бир сунуш айткым келет. Сиз арстан аялдардын бирисиз! Буга чейин дагы сиз жөнүндө көп укканбыз”, – деп билдирди Нарындын тургуну Света Саякбаева.
“Бирок, бир сунуш, ушул “Республика” газетасы – жакшы газета. Акыйкаттыкты, чындыкты чагылдырган гезиттердин бири деп ойлойм. Анан ушул гезитти бир айыл жерине жеткиликтүү кылып, өзүңүздүн бир пландарыңыз болсо кыргызча вариантын да чыгарсаңыз деген сунушум бар”, – деди Нарындын тургуну Света Саякбаева.
Булак: Кyrgyztoday.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ