Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандардан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта коронавируска каршы көрүлүп жаткан өкмөттүк чаралар боюнча брифингде Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абрахманов билдирди.
“Тышкы иштер министрлигиндеги маалыматтар боюнча, чет жакта жүргөн кыргызстандыктар коронавирус инфекциясын жугузуп алган учурлар болгон эмес” – деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, чет өлкөлүк ММКлар Бириккен Араб Эмиратындагы кыргызстандык жаран коронавируска чалдыкканын жазып чыккан. Алардын маалыматында, 17-мартта 15 адамдан инфекция табылган. Алардын арасында Кыргызстандын жараны дагы бар.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ