12-мартта Сауд Арабиядан келген учактын ичинде 144 киши бар болгон. Бул тууралу бүгүн, 19-мартта өкмөттүн брифингинде КР Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, изилдөөлөрдөн кийин алардын саны аныкталып, 142 адамдан коронавируска анализ алынган. Ал эми 2 киши Өзбекстанга чыгып кеткен. Ал эки киши ТИМ аркылуу кайрылдык.
“142 кишинин (анын ичинде коронавируска чалдыккан Сузак районунун 3 тургуну) анализдеринин бардыгы өттү. Анын ичинен коронавирусту жуктуруп алгандардын үчөө, ал эми калганынан анализ жыйынтыгы тескери жыйынтык чыгарды. 142 адамдын бардыгы ооруканаларда, атайын обсервацияда жатып, биздин көзөмөлдө турушат” – деди министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ