Menu

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областына барды

Бөлүшүү:

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областына барды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 19-мартта билдирди.

Ал облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак районундагы  өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет оору тарап кетпесине байланыштуу коюлган атайын блок постторду текшерүүгө алды.

Ал посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп кошумча нускамаларды берди. Министрдин биринчи орун басары кызматкерлерди карантинге алынган аймакка тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү керектигин белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды.

Азыр Благовещенск, Орто Азия жана Бостон айылына 19 пост коюлат. Ошол жерлерде чектөө болот. Оору тарап кетпөөсү үчүн бизде баары жетиштүү. Азыр эми мындан кийин шартка жараша дагы башка чечим кабыл алына тургандыгын белгиледи.
Жергиликтүү жарандар жана милиция кызматкерлери менен болгон жолугушууларда Сүйүн Өмүрзаков мына буларга токтолду: “Бүтүн дүйнө жүзүн кооптондурган жугуштуу илдет оорусу бизге да келип жеткендиги өкүнүчтүү. Учурда Мамлекет башчыбыз, Кыргыз Республикасынынн Өкмөтү –жарандарыбыздын ден соолугун сактоо багытында бардык ыкчам керектүү иш чараларды көрүүдө. Медициналык кызматтардын бардыгы элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн күнү-түнү иш алып барууда жана аны дарылоого толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мына ушундай кырдаалда мен дагы Сиздерге кайрыламын. Биз ички иштер министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте коомдук тартиптин сакталышына жооптуубуз. Биз түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Ден соолукту сактоо, жугуштуу оорудан сактануу боюнча дарыгерлердин айткандарынын бардыгын толук сактап, бекем тартипте карманышыбыз зарыл. Кыргызтандын ар бир жараны, ар бир үй бүлө, ар бир атуул жеке гигиенанын талаптарын катуу кармоо, провакациялык ар кандай чакырыктарды социалдык түйүндөрдө таратпоо керек.  Такталбаган жалган маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрөм дегендер мыйзам чегинде жазага тартылат. Укпайт деп ушак таратпагыла, көрбөйт деп, билбейт деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Мен бардыгыңыздарды токтоолукка, сабырдуу болууга чакырамын. Ички иштер органдарынын шартка байланыштуу коомдук тартипти сактоо максатындагы мыйзамдуу талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алып, аны аткаруу керектигин суранамын. Коомдук тартипти сактоо иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Ар бирибиз жоопкерчиликтүү мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли. Биз үчүн эң маанилүү байлыгыбыз болгон – ар бир жараныбыздын ден-соолугу жана өмүрү кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле
кылуусу зарыл. Мен муну суранамын жана талап кыламын”,- деди Сүйүн Өмүрзаков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: