Бүгүн, 20-мартта тарта Борбор калаадагы эл ташуучу унаалардын саны 30%га кыскартылды. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыканов билдирди.
Анын айтымында шаардагы мектептер, жогорку окуу жайлары эс алууга чыккандан кийин жүргүнчүлөр азайгандыгы үчүн бул нормалдуу көрүнүш.
Атыканов өкмөт Бишкектеги баардык коомдук унааларды токтотуу тууралуу буйрук бере электигин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ