“Сузак районунда коронавирус оорусу катталган, азыр аны жайылтпоо жана алдын алуу боюнча иш алып барып жатабыз, бирок ошол эле мезгилде интернет булактарында Сузак районунун медицина кызматкерлери ак халаттарын чечип, иш таштап кетип калыптыр деген жалган маалыматтар таркаптыр. Жалган маалыматтарга биз капабыз. Биз күнү-түнү дебей, элдин саламатчылыгы үчүн иш алып баруудабыз. Бул оорунун кесепеттеринен келип чыккан абалдан чыгып кетүү үчүн калайык калк эң негизгиси үйдөн чыкпаңыздар. Экинчиси – колду тез-тез жууп туруңуздар, үчүнчүсү – эгер үйдөн чыгуу зарыл болуп калса анда беткап кийип чыгыңыздар. Эгер жалпы элибиз ушул үч шартты аткара турган болсо анда биз бул абалдан тезинен чыгып кетебиз.”, – деп билдирди 21-мартта Сузак райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Замира Чойбекова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ